Erasmus+ программасы жана КРда билим берүүнү модернизациялоо: Европарламенттин делегациясы менен жолугушуунун жыйынтыгыДепутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин спикеринин орун басары болуп шайландыКытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстан коридору боюнча биринчи жүк ташуучу поезд жолго чыктыБишкек мэри ЦУМдун жанындагы курулушту буздурууну, ал эми Old Bishkek долбоорун токтотууну тапшырдыЕЭК антимонополдук көзөмөлгө жасалма интеллектти киргизүүнү пландаштыруудаБШК мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулун депутаттык мандатынан ажыратты
Акылбек Эшимов 2 айга камакка алынды
13.09.2021 | 15:44
Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарганын аталган мекемеден билдиришти.
Берилген маалыматка караганда, бөгөт чарасы каралып, 11-ноябрга чейин камакка алынды.
Ал Эшимов Кылмыш кодексинин 204-беренеси (“Ири өлчөмдөгү алдамчылык”) менен шек саналып УКМК тарабынан камакка алынган. БШК мүчөсүнө “Кыргызстан” партиясынын “А.Д,” аттуу мүчөсү 550 миң долларды аталган партиянын алдыңкы бешинчи тизмесине киргизүү үчүн берген. Анын 300 миң долларын Эшимов ээсине кайтарып, калган 250 миң долларын бербей койгон.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. “Кыргызстан” партиясы да өтүп, шайлоо кайра жокко чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат