Тендер чуусунан улам Турусбек Түмөнбаев кызматтан кетти

Тендер чуусунан улам Турусбек Түмөнбаев кызматтан кетти

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директору Турусбек Тумөнбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

“Унаа” мамлекеттик мекемесин Турусбек Түмөнбаев 2020 –жылдан бери жетектеп келе жаткан.

Аталган ишкана 21-июлда жарыялаган тендердин жыйынтыгы менен транспорт каражаттарын каттоо тууралуу күбөлүктүн бланктары дээрлик эки эсе кымбаттамак. Бирок, 26-августта президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсү менен ишкана текшериле башталган. Андан кийин тендерге кол коюла электе эле жокко чыгарылган.  “Унаа” мамлекеттик мекемесине эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарынын баасын жогорулатууга жол бербилбей, бөгөт коюлду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>