Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
ИИМ Курсан Асановдун кармалышы боюнча түшүндүрмө берди
15.09.2021 | 09:23
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы КЖБРге катталган Жазык кодексинин 309-беренесинде (Бийликти күч менен басып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча жаңы сотко чейинки өндүрүштү баштады.
“Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө КР ички иштер министринин мурдагы орун басары Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүү жолу менен бийликти күч менен басып алууну активдүү даярдап жана уюштуруп жүргөндүгү аныкталган”,- деп айтылат маалыматта.
Асанов шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат