Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктадыИИМ: Кытайлык айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдүТИМ: Эми Грузияга кирүү үчүн камсыздандыруу полиси талап кылынатМинистрлер кабинети 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекиттиКыргызстандын Салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө кызмат көрсөттү
Коронавирустан 2 адам каза болуп, 81 кишиден аныкталды
15.09.2021 | 10:06
Кыргызстанда 15-сентябрга карата коронавирус 81 адамдан жаңы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 33, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусу – 3 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 117 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 603 бейтап, амбулатордук түрдө 978 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 389 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 767 киши айыгып чыкса, 2 миң 578 адам каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом