КРСУда Михаил Ботвинник атындагы шахмат клубу ачылдыБишкектеги транспорт: бүгүн борбор калаада эмнелер менен жүрүүгө болотМээрим Жуманазарова Азия оюндарында коло медаль уттуКабмин НИИЖСТО жетекчилигин чечимдерди создуктурганы үчүн сынга алды1-октябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу жерлерде карга айланатКыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталууда
Жолдо төгүлгөн кан. Таң эрте жол кырсыктан 3 адам каза болду
15.09.2021 | 10:41
Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 15-сентябрда таңкы саат 07:10 чамасында Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында болгон. Анда MAН үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа менен Жигули ВАЗ-2107 унаасы сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен Жигулидеги бара жаткан 3 эркек киши окуя болгон жерде каза болду.
Беш куткаруу кызматы тартылып, Жигули унаасында кыпчылып калган 3 жаранды чыгарып, “Тез жардам” унаасы менен Токтогул райондук ооруканасына өткөрүп беришкен.
Учурда каза болгон жарандардын аты-жөнү такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом