Өкмөт ломбарддардын ишин уюштуруунун жаңы талаптарын бекиттиМанас шаарында “Фуркан” диний кыймылынын 20 мүчөсү кармалдыТоолуу райондорго кар көчкү түшүүсү күтүлөтБишкекте Кыргызстан менен АКШнын сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Эмне талкууланып жатат?Бишкекте жеке менчик автомектептин жетекчиси бир айга камалдыОш облустук төрөт стационары 87,9 млн сомго капиталдык оңдоодон өттү
Баткен: Булак-Баштагылар чатырларга окуп калуу коркунучунда
22.09.2021 | 12:45
Булак –Баш айылындагы мектептин дубалы түшүп калды. Быйыл балдар каякта окушат? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллебаев бүгүнкү парламенттик жыйында Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин стат-катчысы Самат Бөрүбаевге берди.
Ал ортодо Бөрүбаев бул мектепти куруу боюнча сунушту экономика жана каржы министрлигине бергенин, бирок, 2022-жылдан планына сунушталганын билдирди.
Бул жоопко канааттанбаган депутат “балдар көчөдө окушу керекпи, дубалы басып калышы керекпи? 4 жылдан бери ошол мектепти сала албай койдуңар. Мектеп кулап калса каякта окуйт?” деп каарданды.
Самат Бөрүбаев “ошол шартка жараша окуп жаткан жерлеринде, болбой баратса чатырларда окушат” деп жооп берди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом