Манас айылы: Сот аялды өлтүрө сүзгөн айдоочуну бошотту

Манас айылы: Сот аялды өлтүрө сүзгөн айдоочуну бошотту

21 -сентябрда Сокулук райондук сотунун судьясы Манас айылынын жанында аялды өлтүрө сүзгөн мотоциклдин айдоочусу Н.Ф.га карата баш коргоо чарасын тандоо маселесин карады. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Судья кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, шектүүнү үй камагына чыгарууну чечти.

Буга шектүүнүн туруктуу жашаган жери, үйлөнгөнү, жакында эле ата болгону, улгайган ата –энеси бар экендиги себеп болду.

Маалым болгондой, 2021 -жылдын 19 -сентябрында саат 19:30 чамасында Сокулук райондук милициясына Манас айылынын жанынан мотоциклдин айдоочусу жөө адамды сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш — жаза кодексинин 297 (Жол кыймылынын коопсуздугу жана автотранспорт каражаттарынын иштөө эрежелерин бузуу) боюнча кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Эскерте кетсек, 1992 -жылы туулган мотоциклдин айдоочусу Н.Ф. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бардык керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 50 жаштардагы аялды сүзгөн. Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде жабырлануучу окуя болгон жерден мүрт кеткен.

Манас жолу: Аялды өлтүрө сүзгөн айдоочу камакка алынды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>