Министр COVID-19дун төртүнчү толкуну качан болорун айтты

Министр COVID-19дун төртүнчү толкуну качан болорун айтты

Кыргызстанда коронавирус ноябрь-декабрь айларында кайрадан күчөшү мүмкүн. Бул тууралуу 24-сентябрда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ошол убакта сасык тумоо дагы көбөйүшү мүмкүн. Бул учурда вирустук инфекциялардын күч алышы кадыресе көрүнүш.

«Биз коронавирустун төртүнчү толкунуна каршы күрөшүүгө даярбыз. 2-3 айга жете тургандай дары-дармек жана башка керектүү каражат бар»,- дейт ал.

Ошондой эле ал калктын 70 пайызы эмдөөдөн өтүп бүтсө, вирусту ооздуктоого болорун белгиледи.

Учурда Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну өтүп жатат. Бүгүн, 24-сентябрга карата өлкө боюнча коронавирус 87 адамдан аныкталды. Ал эми Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 123 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 657 киши айыгып чыкса, 2 миң 597 адам каза болду.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>