Өкмөт көмүрдү унаа менен сыртка ташып чыгууга алты айга тыюу салдыСадыр Жапаров Пакистандын парламентинин жетекчилери менен жолугуштуБишкектеги Айтматов проспектисинде үч жаңы жер астындагы өтмөк курулатБишкек абанын булганышы боюнча 20-орунду ээледиКыргызстан үчүн деңизге чыгууга жол ачылат. Кыргызстан менен Пакистан дагы кандай документтерге кол койдуСаясат, экономика, энергетика: Жапаров менен Пакистандын премьер-министри кыргыз-пакистан кызматташтыгын талкуулашты
Тажик күч түзүмү кыргыз жаранын кармап кетти
26.09.2021 | 23:42
Тажикстандын улуттук коопсуздук кызматы Кыргызстандын бир жаранын кармап кетти. Бул тууралуу өздүк булактарына шилтеме берип “Турмуш басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, бүгүн, 26-сентябрь күнү саат 15:30 чамасында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагындагы Жаштык айылынын 1995-жылы туулган туругуну М.О.Б. Арка айылынан Тажикстандын Жигдали айылына жумуштары менен бара жаткан. Ошол учурда Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Кыргызстандын жараны М.О.Б.ны кармап, Худжант шаарына алып кетишкендиги белгилүү болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар