Чоң-Алайга оогандык кыргыздарга шаарча курулат

Чоң-Алайга оогандык кыргыздарга шаарча курулат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда, Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Улуу Памирдин этникалык кыргыздары үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кашка-Суу айылында Бурган-Суу тилкесинде 30 га жеке турак жайларын жана социалдык объектилерди курууга трансформацияланган.

Бул аймакта турак жайлардын, 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин, саламаттыкты сактоо объектилери жана башка социалдык объектилердин салынышы пландалууда.  

Оогандык кыргыздарды жыл аягына чейин аларды сактап калуу максатында, тарыхый мекенине көчүрүп келинет. 300-400 үй памирлик кыргыздар жагымдуу шарттары менен жашай алгыдай курулат.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн, ошондой эле айрым объектилердин курулушу «Ассанабиль» коомдук кайрымдуулук фондунун көмөктөшүүсүндө жүргүзүлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>