Кыргызстандан унаа катализаторлорун ташып чыгууга алты айга тыюу салындыОштун мэринин эки орун басары кызматтан кеттиКМШ БУУда адам укуктарын саясатташтырууга каршы чыктыУКМК кылмыш иштерин комиссиялар аркылуу кайра кароо мүмкүн эмес экенин түшүндүрдүЖКнын мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырарын билдирдиОшко мэр болгон Акаевдин ордуна Таалайбек Сарыбашев Жогорку Кеңешке депутат болду
Абактагы алдамчы эсебине 80 миң сом салдырган
18.09.2021 | 17:39
Жазасын өткөрүп жаткан кылмышкер Бишкектеги бир аялды эсебине 80 миң сом акча салдырганы көндүргөн. Күч органдарына жабырлануучу 31-августта кабарлаган. Бул туурасында Бишкек шаардык милиция билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, ал абакта жатып алып Бишкектеги жабырлануучуга телефондон чалып алып, уулуң бир кишини сүзүп алганын, акча берсең ишти бүтүрүп берем деген өңдүү сөздөр менен алдап жалпы жонунан 80 миң сом көлөмүндө каражатты которттуруп алган. Андан соң куйрук түйүп качкан.
Милициянына ыкчам аракетинен улам, абакта жазасын өтөп жаткан 1981-жылы туулган А.М. аттуу жаран экени ачыкталган. Ал буга чейин да ушуга окшош кылмыштар менен кармалып, өз жазасын алып жаткан экен.
Азыр тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар