ШКУ аскерлери бирге машыгууда

ШКУ аскерлери бирге машыгууда

Орусияда өтүп жаткан ШКУнун машыгуусуна Кыргызстандын Куралуу күчтөрдүн атайын даярдыктагы аскерлери катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Оренбургдун жанындагы Донгуз полигонунда 11-сентябрдан 25-сентябрына чейин Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн 2021 тынчтык миссиясынын антитеррордук командалык-штабдык машыгуулары өткөрүлүүдө. Ага Орусия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен келген жалпы 4 миң аскер кызматкери катышууда.

Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн “Скарпион” атайын бөлүгүнүн 100дөн ашык аскери катышууда.

Машыгуу учурунда аскерлер антитеррордук операцияны иштеп чыгышат. Бул машыгуунун максаты — эл аралык террордук уюмдарга каршы кирөшүү деңгээлин жогорулатуу.

Машыгууларга Борбордук аскер округунун авиациясы-Ми-8 тик учактары, СУ-24МР чалгындоо учагы, СУ-34 истребитель бомбардировщиктери жана Ил-76 аскердик транспорт учактары тартылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>