Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
300 миң доллар. Нарын шаарынын мэри алдамчылык менен кармалды
18.09.2021 | 17:51
2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо алдамчылык жол менен ири суммадагы акчаны алдап алган деп кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Алдын-ала маалыматтарга караганда, “Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Руслан Чойбековдон депутаттык мандат үчүн деп 300 миң доллар алып, бербей кеткен. Ири көлөмдө каражатка чыгымга алып келген.
Бүгүн ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында, Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, азыркы Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков кармалды. Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча жогоруда аталган алдамчылыкка катыштыгы бар деп шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат