Абактагы Кемпир-Абадды коргоо комитети ЖКга кайрылуу жасады

Абактагы Кемпир-Абадды коргоо комитети ЖКга кайрылуу жасады

Абактагы Кемпир-Абадды коргоо комитети  Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуусун аталган комитеттин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Ал кайрылууда Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берилиши боюнча айрым маселерге токтолгон.

«Урматтуу депутаттар,

Президент С.Жапаров башында турган аткаруу бийлигинин Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү чечимин токтотуу жана жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү эми силердин гана укугуңар жана милдетиңер. Бул дүйнөдөгү бардык парламенттердин жаратылышы, практика жана мыйзам.

Кемпир-Абадды элибизге кудай берген, жаратылыш белек кылган стратегиялык өзгөчө жерибиз жана суубуз. Тарыхтагыдай эле элибиздин менчигинде кана урпактарыбызга дагы, боордош өзбек туугандарыбызга дагы эбегейсиз көп пайда алып келет. Кыргыз жерине, кыргыз суусун сактап, ал сууну боордош элибиздин экономикасынын, айыл чарбасынын, фермерлеринин өнүгүүсү үчүн бекер берүүдөн артык урмат-сый болобу?

Тилекке каршы, жогорку бийлигибиздин, Кемпир-Абад суу сактагычын курууда жана пайдаланууда келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн берилген Өзбекстандан Кыргызстанга жерди (компенсация) элибизге алмашуу (обмен) катары көргөзүп, алдоо, манипуляция, жашыруу аркылуу Кемпир-Абадды өткөрүп берип атканы, биздин, түрмөдө жатсак дагы зээнибизди кейитет, намысыбызга тиет.

Кечээ, Өзбекстандын парламенти кыргыз-өзбек чек ара келишимин 3 окууда жактырды. Премьер-министр А.Арипов парламентте сүйлөп атып, өзбек бийлиги стратегиялык утушка ээ болгонун айтты. Кемпир-Абадды Өзбекстандын менчигине алуу албетте-стратегиялык утуш.

Урматтуу депутаттар, өзгөчө Өзгөндөн, Кара-Суудан, Оштон жана Жалал-Абаддан шайланган депутаттар, элибиздин — жерибиздин стратегиялык утулушун кантип мыйзамдаштырып бересиңер? Кемпир-Абад эч качан талаштуу болгон эмес! Кемпир-Абад талашсыз кыргыз жери!Өзгөндүн, Кара-Суунун, Оштун жери!

Урматтуу депутаттар! Тарыхта, урпактарыбыздын алдында «кыргыз жеринин аймактык бүтүндүгүн бузуп, Кемпир-Абадды өткөрүп берген саткындар» деген оор атты өзүңөргө албагыла. Ратификация кылуудан баш тарткыла.

Жерибиздин аймактык бүтүндүгү, элибиздин намысы, урпактарыбыздын келечеги силердин колуңарда.

Түрмөдөгү Кемпир-Абадды коргоо комитети.

16.11.22

СИЗО 1″- деп кайрылууда айтылат.

 

  • Эскерте кетсек, 15-октябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» жана «Кемпир-Абаддын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорун үч окууда колдоп берген. Добуш берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаров кворум болбошу үчүн 5 депутат залдан чыгып кетүү чечимин кабыл алганын айтып, алар комитеттин отурумунан чыгып кеткен. Депутат Улан Бакасов комитеттин жыйынында кворум маселеси тууралуу суроо узатып, отурумга катышкан юрист залда комитеттин 14 мүчөсүнүн жетөөсү катышып жатканын, кворум бар экенин билдирген. Ошентсе да, аталган комитеттин жыйынында кворум болуп-болбогону талаштуу маселе бойдон калууда. Депутаттар Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Чыңгыз Айдарбековдор отурумда кворум болбогонун айтышууда.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>