«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодоКыргызстан Орусияга сабиз экспорттоону көбөйтүүдөАлтын сатабыз деп чакырып, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалдыАЭС боюнча сүйлөшүүлөр «шашпай жүрүүдө». «Росатомдун» жетекчиси Кыргызстандагы пландар тууралуу эмнелерди айтты?Өспүрүмдөр көзөмөлсүз жабык кабиналарда калууда: Бишкекте «Антикино» жайларында рейд өткөрүлдүӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүүсү мүмкүн
Абдил Сегизбаев камакка алынды
25.01.2021 | 20:06
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Абдил Сегизбаев “Белизгейт” окуясы боюнча кармалган.
Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып коюлууда.
Бүгүн, 25-январда Сегизбаев 10 сааттан бери Аскер прокуратурасында сурак берип жаткан.
Буга чейин Башкы прокуратура Абдил Сегизбаев жайыт жерлерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп кылмыш ишин козгогон болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар