Кыргызстанда алгачкы венчурдук фонддордун бири — SCP Venture Fund ишин баштадыКара-Суу районунда декабрда жаңы базар курула баштайт — ТуманбаевУКМК баңгизат ташуу каналын уюштурган топту аныктап, бир жаранды кармадыБаатыр энелердин пенсиясына үстөк акы 1 миңден 5 миң сомго чейин көбөйөтОшМУ менен Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети кызматташатАУРВА: криптоиндустрия үчүн эрежелерди түшүнүктүү жана ачык кылуу керек
Абдил Сегизбаев камакка алынды
25.01.2021 | 20:06
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Абдил Сегизбаев “Белизгейт” окуясы боюнча кармалган.
Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып коюлууда.
Бүгүн, 25-январда Сегизбаев 10 сааттан бери Аскер прокуратурасында сурак берип жаткан.
Буга чейин Башкы прокуратура Абдил Сегизбаев жайыт жерлерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп кылмыш ишин козгогон болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар