УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев күбө катары суракка чакыртылды. Бул тууралуу анын жакындарына таянып жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, Сегизбаев А эртең саат 10:00гө ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка баруусу кеерк.
Буга чейин бир катар басылмалар Абдил Сегизбаевдин кармалгандыгын жазып чыгышкан. Күч органдары маалыматты четке каккан.
Белгилей кетсек Сегизбаев Кой-Таштагы Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жаракат алган.