Ыр, сүрөт жана башка чыгармаларды күрөөгө коюп насыя берүүнү киргизүү сунушталуудаПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча кайрылуу: кармалган саясатчылар 2 айга камалды«Кыргызстан аэропорттору» менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташатЭки министрдин жолугушуусу: Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары эмнелерди талкуулашты?Кыргызстан менен Тажикстандын соода жүгүртүүсү 24 эсеге өсүп, 36 млн долларды түздү«Дөөлөт курулуш» ишканасынын эки объектиси Курулуш министрлигине өттү
Абдыгулов: Кыргызстанда мындан ары 1 доллар 72,90 сомдон туруктуу сатылат
11.03.2020 | 12:12
Кыргызстанда мындан ары 1 доллар 72, 90 сомго бааланат. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта маалымат жыйында Улуттук банкттын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Абдыгуловго журналисттер тарабынан доллардын сомго карата баасы түшөбү, божомол барбы? деген суроо берилди.
Төрага Улуттук банк валюта рыногуна божомол да, билдирүү бербей турганын айтты.
«Ар бир өлкөнүн улуттук валютасы мамлекет тандаган режим боюнча тандалат. Анткени «улуттук валюта түзүлгөндө, биздин валюта эркин рынокто жүрсүн» деген. Мындан ары Кыргызстанда 1 доллардын баасы 72,90 сом болот. Базар баасы чектен чыкпайт деп айта алабыз», – деди Толкунбек Абдыгулов.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика