Абшыр-Атада калган адамдарды куткаруу иштеринин видеосу

Абшыр-Атада калган адамдарды куткаруу иштеринин видеосу

Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында өтө албай калып калган жарандарды куткаруу уланууда. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Маалыматка караганда, жарандарды куткаруу максатында тактайлардан көпүрө жасап, 180 киши дарыядан өтүп, коопсуз жерге чыгарылды.

Куткаруу иштерине Ош шаарынан, Араван жана Кара-Суу райондорунан да куткаруучулар тартылууда. Ишти өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов координациялоодо. Селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 320 кызматкер, 20 техника тартылган.

Буга чейин 28-июндагы катуу жамгырдан Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолдо сел жүргөн. Суунун аркы бетинде болжолдуу 1300 адам өтө албай калып калганы маалымдалган.

Белгилей кетсек, Ноокат районунда сел жүрүп, аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жети адам сууга агып кеткен. Алардын бешөөнүн сөөгү табылып, дагы экөө изделип жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>