Абылгазиев чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды

Абылгазиев чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чек ара жаңжалына байланыштуу күч тузүмдөрүнө мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Өкмөт башчы ошондой эле кырдаалды тез арада жөнгө салууyну жана чыңалууну толук жоюу үчүн эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, сүйлөшүү процессин күчөтүүнү тапшырмасын берген.

Абылгазиев мындан сырткары делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча ишти илгерилетүүгө чейин кандайдыр бир чагымчылдыкка жол берилбешин баса белгилеген.

Белгилей кестек, 10-январга караган түнү кыргыз тажик чек арасында жаңжал чыгып, тажиктер тарабынан бир нече жолу ок атылган. Коңшу өлкөнүн жарандары кыргыздардын унаасын жана үйлөрүнө таш ыргытышкан.

Милиция кызматкерлери жаңжал чыккан аймактагы жергеликтүү тургундарды коопсуз аймакка убактылуу көчүргөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>