№1 тергөө абагында эки айдан бери ачкачылык кармап жаткан саясатчы Темирлан Султанбековдун ден соолугу начарлап, өз алдынча баса албай жатканы айтылды. Бул тууралуу жактоочусу Айбек Турдуевдин билдирүүсү «Социал-демократтар» партиясынын лидери Кадырбек Атамбаевдин «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.
Турдуевдин айтымында, Султанбековдун ден соолугу начарлагандан начарлап жатат.
«Сол буту кыймылдабай жатат. Ал өз алдынча баса албай, күзөтчүлөрдүн же балдактын жардамы менен басууда. Бутунда чоң көгала так бар. Менимче ал кан айлануунун начардыгынан пайда болду. Аны сүрөт-видеого тартып алайын десем, мекеменин жетекчилиги уруксат берген жок», — деди ал.
Ошондой эле жактоочу билдиргендей, Султанбековдун дене табы түшүп, 35,5 градус болууда. Колдору калчылдап, көзүнүн көрүүсү начарлоодо, ички органдары жакшы иштебей жатат.
Белгилүү болгондой, «Социал-демократтардын» лидери Темирлан Султанбеков, партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер былтыр 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында добуш сатып алууга шектелип кармалган.
Алар камакка алынып, партиясы шайлоодон четтетилген.
Темирлан Султанбеков ага козголгон кылмыш ишин, камалышын саясий буйрутма деп атап келет. Ошондой эле мыйзамсыз кармалып, укугу тебеленип жатканын айткан саясатчы каршылык катары ачкачылык кармоодо. «Азатттык» жазгандай ал суу, «Аралаш» суусундугун жана шире гана ичип жатат.