КРде биринчи жолу бейтаптын жүрөгүнө электродсуз кардиостимулятор орнотулдуАдылбек Касымалиев БУУнун эки экономикалык комиссиясынын жетекчилери менен жолуктуЭми кыргызстандыктар Кытайга малина, бүлдүркөн жана карагатты экспорттой алышатКыргызстанда пайдубалы толук бүтө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу салындыКыргызстанда 62 миң сом төлөмү менен «Манасчы» макамын киргизүү сунушталуудаЖогорку соттун төрагасы ишти создуктурган судьяларга катуу чара көрүлөрүн эскертти
Былтыр 11 айда Өзбекстан Кыргызстанга 8 млн 565 миң кг капуста экспорттогон
16.01.2025 | 17:51
Былтыр январь – ноябрь айларында Өзбекстан Кыргызстанга 8 миң 565 тонна (8 млн 565 миң кг) капуста экспорттогон. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мезгилде Өзбекстан чет жакка 47,6 млн долларга 169,8 миң тонна капуста саткан.
Өзбекстан капустаны көп саткан өлкөлөр:
- Россия – 88 646 тонна;
- Казакстан – 67 877 тонна;
- Кыргызстан – 8 565 тонна;
- Беларусь – 2 973 тонна;
- Латвия – 1 311 тонна;
- Башка өлкөлөр – 402 тонна.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика