Бишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыктыДепутат памирлик кыргыздарды жумушка орноштурууга жана адаптациялоого көмөк көрсөтүүгө чакырдыБишкекте сүрөтчү Асанбек Турумбековдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылатУлуттук статистика комитети: туризм Кыргызстанга жарым жылда 34 млрд сом киреше алып келди
Жалал-Абадда суу сактагычтын жээгиндеги 2 га жер жеке менчикке берилип кеткен
17.01.2025 | 09:21
Жалал-Абадда Күрп-Сай суу сактагычынын жээгиндеги 2 га жери мыйзамсыз жеке менчикке берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Аталган жер балык өстүргөн жарандын менчигине берилип кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөөнү жүргүзүү УКМКнын облустагы башкармалыгына тапшырылган.
Прокуратура мыйзамсыз жеке менчикке берилген мүлктөрдү аныктап, мамлекетке кайтаруу иштери уланып жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом