55 күндөн бери ачкачылык кармаган Султанбековдун ден соолугу тездик менен начарлап жатканы айтылды

55 күндөн бери ачкачылык кармаган Султанбековдун ден соолугу тездик менен начарлап жатканы айтылды

Камакта отурган Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков 55 күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Бул тууралуу саясатчынын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Ачкачылык кармаган Султанбековдун ден соолугу тездик менен начарлап жатканы, алы кетип, көзүнүн көрүүсү начарлай баштаганы, сол буту катуу ооруп жатканы айтылат.

Эскерте кетсек, «Социал-демократтардын» лидери Темирлан Султанбеков, партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер ноябрдын ортосунда, 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында добуш сатып алууга шектелип кармалган.

Алар камакка алынып, партиясы шайлоодон четтетилген.

Темирлан Султанбеков ага козголгон кылмыш ишин, камалышын саясий буйрутма деп атап келет. Ошондой эле мыйзамсыз кармалып, укугу тебеленип жатканын айткан саясатчы каршылык катары ачкачылык кармоодо. «Азатттык» жазгандай ал суу, «Аралаш» суусундугун жана шире гана ичип жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>