Башкы прокуратура парламентке Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча макулдук сурап кайрылды. Ал маселени иликтөө боюнча атайын атайын депутаттык комиссия түзүлдү. Ага ар бир фракциядан бирден депутат кирди.
Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу 39- протоколго байланыштуу Башкы прокуратура Жогорку Кеңештен депутатты жоопко тартууга макулдук сурап кайрылган.