Түлөбаев: Зулушев менен Ташиев жакында “чабышат” (ВИДЕО)

Түлөбаев: Зулушев менен Ташиев жакында “чабышат” (ВИДЕО)

Жогорку Кеңешке Башкы прокуратурадан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча макулдук сураган. Аны тармактык комитет кезексиз жыйында карап, депутаттык комиссия түзүү сунушун кабыл алынган. Бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев сынга алды.

Урматтуу төрага, урматтуу депутаттар! Өткөндө айттым эле, бүгүн да айтайын. Кыргызстанды бирөө чала баштады. Жакын арада Башкы прокурор ( Курманкул Зулушев) менен (Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы) Камчыбек Ташиевдин чабышын көрөсүңөр! Тирешин көрөсүңөр, аларды да чалып атат. УКМК жарандарды уксун деген мыйзамга кечээ күнү Башкы прокуратура каршы чыкты. Башкы прокурор каршы чыкты. Эми Адахан Кимсанбаевичти, өзүбүздүн коллегабызды (жоопко тартууга уруксаатты) мынтип алып келип шашылыш түрдө караганы жатабыз.  Талант Турдумамтович (Мамытов) сиз дагы куугунтук көргөнсүз, Исхак Масалиевди да куугунтук көргөн, Садыр Жапаров дагы, Камчыбек Ташиев да куугунтук менен түрмөгө жаткан. Мындан сабак алабызбы же жокпу? Протокол боюнча пандоранын ящигин ачпагыла. Эртең бирөөлөрдүн башына тиет. Садыр Нуркожоевич дагы бирөөлөр, бир жакка алып баратат. Ишенбеңиз, протокол чатак!”— деди.

Адахан Мадумаров мындан 13 жыл мурун Коопсуздук кеңештин катчысы болуп турганда 39-протолго кол койду деген айып тагылып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>