Адахан Мадумаров: Карама-каршылыкты курчуткан чоң күчтөр пайда болду

Адахан Мадумаров: Карама-каршылыкты курчуткан чоң күчтөр пайда болду

Башкы прокуратуранын парламенттен Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча макулдук сурашына депутат өзү депутаттык комиссия түзүп, регламенттин талаптарына карата иш алып баруусун сунуштады.

Ошондой эле кандайдыр карама-каршылыкты курчуткан чоң күч пайда болгонун кошумчалады.

“Азыр карама-каршылыкты курчутууга атайын кандайдыр бир чоң күчтөр пайда болду.  Жалаң “Бүтүн Кыргызстандын” мүчөлөрүн,  депутаттарынын ушундай абалга кабылганын бирден-бир себеби саясий гана көз караш. Бул жакшылыкка алып келбейт. Кеп мен жөнүндө айтып жаткандыгы үчүн айтып жатканым жок. Кесиптештер мен силерден суранам, ар бир киши Жараткан маңдайына жазганды көрөт, пендеси эч нерсе жасай албайт. Боло турган иш, болот. Ошондуктан депутаттык комиссияны тез арада түзүп, комиссия өз ишине киришип, адилеттүү чечим чыгарат го деген үмүт менен ишти андан уласак”— деди.

Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу 39- протоколго байланыштуу Башкы прокуратура Жогорку Кеңештен депутатты жоопко тартууга макулдук сурап кайрылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>