29-декабрга карата аба ырайыБишкекте мас айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп өлтүрүп, окуя болгон жерден качып кеткенСаламаттык сактоо министрлиги менен БУУ дары-дармек сатып алууну катуу көзөмөлдөөнү макулдаштыКыргызстандын Калкты тейлөө борборлору (КТБ) 11 күндүк эс алууга чыгатКыргызстан аба паркын кеңейтет: 2026-жылы жаңы Airbus жана жүргүнчү учак алуу пландалуудаЕАЭБ жалпы каттамдарды түзүү үчүн туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитти
Администрация: Садыр Жапаровдун сүрөтү менен “арзан насыя” сунуштаган жарнама — алдамчылык
26.09.2025 | 15:20

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактарда тарап жаткан “мамлекет аз пайыз менен карыз берет” деген жарнаманы төгүндү.
Анын айтымында, көз боемочулар элди ишендирүү үчүн президент Садыр Жапаровдун сүрөтүн колдонушкан жана бул аракетти мамлекеттик долбоор катары сыпаттап жатышат.
“Айрыкча акчага байланышкан маалыматты расмий органдардан тактап алууга чакырабыз. Алдамчылардын торуна илинип калбаңыздар!” — деди Алагөзов.