БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Адылбек Касымалиев Алматыга иш сапары менен барат
29.01.2025 | 11:48
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 30-31-январда жумуш сапары менен Алматы шаарына (Казакстан) барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Касымалиев Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Ошондой эле жыл сайын өтүүчү Digital Almaty 2025 санариптик форумунда сөз сүйлөйт.
Андан тышкары бир катар өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом