Адылбек Касымалиев Германиянын ТИМинин мамлекеттик министри Гюнтер Крихбаум менен жолугушту
10-апрелде Бишкек шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Европа иштери боюнча мамлекеттик министри Гюнтер Крихбаумду кабыл алды. Сүйлөшүүлөр «Ынтымак Ордодо» өтүп, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине арналды.
Тараптар «Борбордук Азия — Германия» форматындагы диалогду чыңдоону жана жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты. Касымалиев Кыргызстандын гидроэнергетика, айыл чарба, логистика жана туризм тармактарына немис тажрыйбасын жана инвестицияларын тартууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен демилгелерди иш жүзүндө алга жылдырууга даярдык ырасталды. Тараптар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо жана мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча кадамдарды белгилешти.