Адылбек Касымалиев: Туризм экономикага туруктуу салым кошо баштады

23.10.2025 | 11:06

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Иш-чарага тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана туризм жаатындагы бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Өкмөт кабарлагандай, Адылбек Касымалиев өлкөдө туризм тармагынын экономикадагы үлүшү өсүп жатканын белгилеп, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында туризмдин дүң кошумча наркы 30,18 млрд сомго жетип, ИДПдагы үлүшү 4,3 пайызды түзгөнүн айтты. Ошондой эле туризм кызматтарынын экспорту – 529,5 млн долларды, импорту – 283,9 млн долларды түзгөнүн жана салыктык түшүүлөр 8,486 млрд сомго жеткенин кошумчалады.

«Учурда өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда. “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа курорту курулуп жатат, бардык аймактардагы аэропорттор модернизацияланууда. Ошондуктан автосаякатчылар үчүн атайын эс алуу жайларын – рест-пойнтторду түзүү маселесин кароо зарыл», — деди Касымалиев.

Жыйында негизги алты маселе каралып, туризм тармагынын тогуз айдагы жыйынтыгы чыгарылды. Жетишкендиктер менен катар кемчиликтер да белгиленди.

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев бир катар тапшырмаларды берди, алардын ичинде:

  • кышкы туризмди өнүктүрүү,
  • туризм тармагындагы чакан жана үй-бүлөлүк бизнести колдоо,
  • жеке инвестицияларды стимулдаштыруу,
  • жаратылышты коргоо жана туристтер арасында экологиялык маданиятты жайылтуу чараларын күчөтүү бар.

Мындан тышкары, туризм тармагындагы тейлөө сапатын жогорулатуу жана кесиптик адистерди даярдоого өзгөчө көңүл буруу милдети коюлду.

Scroll to Top