Министрлик: Быйыл окуучулардын мектеп формасы адаттагыдай бирдиктүү болот

Быйылкы жаңы окуу жылында 1-12-класстын окуучулары мурдагы жылдардай эле бирдей мектеп формасын кийишет. Бул тууралуу агартуу министрлиги билдирди.
Эркек балдар үчүн классикалык стилде тигилген көйнөктөрү ак түстүү, ал эми шым-костюм, жилеттери кара, күрөң, көк жана кочкул кызыл түстүү болушу шарт. Балдардын мектеп формасынын комплектисине классикалык формада тигилген галстукту кошууга болот.
Кыздар үчүн мектеп формасы түрдүү комбинацияда жана классикалык стилде тигилген кофта, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, костюм комплектисинен турат.
Ошондой эле окуучулардын мектеп формасы эмблемалар, төш белгилер, жамаачы сыяктуу мектептин, класстын айырмалоочу белгилерине ээ болушу мүмкүн.
“Жалпы билим берүү уюмдарында спорттук кийимдер жана бут кийимдер, джинсы кийимдер, эс алуу жайларында, үйдө кийүүчү кийимдерди кийип жүрүүгө болбойт”,- деп билдирди министрлик.