«Ай сайын $2 миң берип турчумун». Президент «Унаа» ишканасынын башчысынын кармалышы тууралуу

«Ай сайын $2 миң берип турчумун». Президент «Унаа» ишканасынын башчысынын кармалышы тууралуу

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине манк куруп, «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Рустам Жокоевдин жана мекеменин кызматкерлеринин УКМК тарабынан кармалышы боюнча комментарий берди.

«Айдоочулук күбөлүктөр сатылбасын деп президент болгон күндөн баштап эле айтып келем.

2020-жылга чейин 15-20 миң сомго сатылып келгенин баарыңар жакшы эле билесиңер да. Кызматка жаңы келгенимде, бул тармакты ким тартипке салат деп сураштырып жүрүп, Рустам Жокоев деген жигитти койдум эле

Башында жакшы эле иштеп келди. Тартип орноп, айдоочулук күбөлүктү оңой менен ала албай калганыңарды сездиңер да»,  — дейт Жапаров.

Жапаровдун айтымында, ал айрым жетекчилерге, анын ичинде Рустам Жокоевге бирөө берген акчага азгырылбасын деп кошумча материалдык жардам берип келген.

«Мен ого бетер күчөтөлү деп, ал жигитти чакырып: «Сен өзүң таза болсоң, кол алдыңдагылар да таза болот, өзүң таза бол. Айлыгың жашооңо жетпей жатса, демөөрчүлүк фондумдан кошумча 2000 доллар материалдык жардам берип турайын», — деп убадалашып, антын алып, ай сайын 2000 доллар жардам берип турчумун.

Дароо айта кетейин: менин демөөрчүлүк фондум бюджеттик фонд эмес. Ошондуктан 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам берип турам. Анткени эмгек акылары чындыгында аз.

Эмне үчүн материалдык жардам десеңер, алар өздөрү жетектеген мекемеден уурдабаш үчүн, ошол мекемеде тартип орнотуш үчүн, өзү таза болуш үчүн берип турам. Алардын арасында кечээ камалган «Унаанын» жетекчиси да бар эле», — деди ал.

Жапаров билдиргендей, «Унаа» ишканасындагылар айдоочулук күбөлүктөрдү 40 миңден 80 миң сомго чейин сатып жүрүшкөн.

«Балким, бул жигитти жөн эле камап атышкан жокпу деп, баарын өзүм да териштирип көрдүм. Система түзүп алышып, күбөлүк сата башташканы аныкталып калды.

40 миңден 80 миң сомго чейин баа коюп алышыптыр.

Албетте, 100 пайыз күбөлүк сатылган эмес. 90 пайыз адам сынакты тапшырып эле алышкан.

Болжол менен 10 пайызы сатылып кетип жатканын болжолдодук. 10 пайыз эмес, бир да айдоочулук күбөлүк сатылбаш керек», — дейт ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>