Кыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 89%га жеттиМосквада белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун көргөзмөсү ачылатТМУ өлкөлөрү соттук-эксперттик мекемелердин бирдиктүү Түрк тармагын түзүүнү макулдаштыКыргызстанда банктык насыяларды берүү ыргагы кескин басаңдадыОштун мэри «Алай» футболдук клубуна автобус тапшырдыКыргызстанда климаттык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзам сунушталды
Айчүрөк Назаралиева акыйкатчынын орун басарлыгына сунушталууда
13.06.2023 | 11:23
Акыйкатчынын орун басары кызматына Айчүрөк Назаралиеванын талапкерлиги сунушталууда.
Анын талапкерлиги бүгүн, 13-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында каралды. Назаралиеваны депутаттарга акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тааныштырды.
Депутаттар Назаралиеванын талапкерлигин колдоп, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүгө макулдугун берди.
Белгилүү болгондой, Айчүрөк Назаралиева 1975-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин юридика факультетин укук таануу адистиги боюнча аяктаган.
Назаралиева буга чейин мугалим, жактоочу, аны менен бирге парламенттин аппаратында иштеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом