Өмүрүн берүүгө даяр чек арачылардан эч нерсе аябайбыз, — президент

Өмүрүн берүүгө даяр чек арачылардан эч нерсе аябайбыз, — президент

Кыргыз-тажик чек арасында 2022-жылдын сентябрь айындагы куралдуу кагылышта курман болгон 37 чек арачынын үй-бүлөсүнө компенсация төлөндү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, дагы 5 иш боюнча документтер каралып жатат, процедуралар жакында аяктайт.

Шаршеев кошумчалагандай, жеңил жаракат алган 10 чек арачыдан башка бардык жарадар болгон чек арачылар компенсация алышкан.

Садыр Жапаров маселени тактоону тапшырды.

«Жеңил жаракат алгандар да компенсация менен камсыз болушу керек. Эгерде бюджеттен каралган эмес болсо, башка булактардан табуу керек. Биз өмүрүн берүүгө даяр чек арачылардан эч нерсе аябайбашыбыз керек. Алар чек арада туруп, бизди коргошту, биз аларга өлкөгө жасаган мамилесинен 10 эсе жакшы мамиле кылышыбыз керек», — деди ал.

Шаршеев мыйзамда каралган компенсациядан тышкары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө турак жай берилип жатканын айтты.

«Профсоюздан жабыркагандар санаторийлерге жолдомо алышты», — деди ал.

Чек ара кызматынын жетекчиси мындай иштер УКМК аркылуу да жүрүп жатканын кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>