КМШда издөөдө жүргөн 57 адам камеранын жардамы менен табылды

КМШда издөөдө жүргөн 57 адам камеранын жардамы менен табылды

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндөрдү аныктоо боюнча видеокамералар орнотулууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Министрликтен билдиришкендей, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамдарга карата издөө иштерин уюштуруу укук коргоо органдарынын ишинин маанилүү компоненттеринин бири болуп саналат. Кылмышка шектүүлөр жоопкерчиликтен качуунун оңой жолу катары коңшу мамлекетке өтүп кеткен учурлар кездешет.

«Адамдарды мамлекеттер аралык издөө — КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрликтеринин эл аралык келишимдерге жана улуттук мыйзамдарга ылайык кылмышкерлерди табуу жана андан ары камакка алууга же издөөдө жүргөн адамдардын бардык категориялары жөнүндө маалымат берүүгө багытталган ыкчам-иликтөө, издөө, маалыматтык-аналитикалык жана башка иш-чараларынын комплекси.

2023-жылдын 2-июнунан тартып Кыргызстандын аймагында КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамдардын жүзүн аныктоо тутуму ишке кирди. Иш башталгандан бери жана 12-июнга карата адамдардын жүзүн таануучу видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөгө алынган көптөгөн жарандар аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлердин маалыматтары жүзүн таануу тутумуна жүктөлгөн. Россиянын укук коргоо органдары мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 85 миңден ашык адам тууралуу маалымат берген.

«Сегиз күндүн ичинде Кыргызстандын ички иштер органдары КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 57 адамды аныктап, жеткиришти. Алардын баары сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен аныкталган.

Ички иштер органдарына жеткирилген жарандар маалымат базалары менен текшерилип, каттоого алынган. Чет мамлекеттердин, анын ичинде Россиянын жана Өзбекстандын жараны болгон 4 адам кармалды. Алардын арасында адам өлтүрүүгө аракет кылуу, экстремисттик кылмыштар (УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген), бейбаштык, документтерди жасалмалоо боюнча издөөдө жүргөндөр бар», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, кармалгандардын басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары болушат.

«Учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Алар КМШ өлкөлөрүндө ар кандай кылмыштарды жасаган, анын ичинде уурулук, алдамчылык, документтерди жасалмалоо, тоноо, опузалоо, адам уурдоо, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы, денеге атайылап оор залал келтирүү фактылары боюнча айыпталып, мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Алардын айрымдары мындан 8-9 жыл мурда  издөөгө алынган», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ камера

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>