Айдаркенде тажиктер кыргыз аялды сабап салышканбы? Жооп

22.12.2021 | 10:05

Бул сүрөт фейсбукта чоң талкууга алынып, тажиктер сабап кетти деген маалыматтар чыккан. Бул туурасында Баткен облустук милициядан билдирди.

Маалыматка караганда,  18-декабрь күнү болжол менен саат 14:20 чамасына Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын  тургуну 30 жаштагы А.Ү.  (улуту кыргыз) өзүнүн чоң-энеси (жеңеси) Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну 61 жаштагы М. З. ны Айдаркен шаарындагы соода базарынан үйүңүзгө жеткирип коёмун деп алдап, өзү башкарып жүргөн “Деу-Матиз” маркасындагы  автоунаасына салып, Айдаркен-Сох автоунаа жолу аркылуу кетип бара  жатып “менин апамды бакшы, көзү ачык, молдого ысытма-суутма кылып сен майып кылып койгонсун”- деп, автоунаасын токтотуп унаанын арткы эшигин ачып уруп- сабап, адамдын эркине каршы аракеттерди атайлап жасаган.

Бул факты Кадамжай райондук милициясы тарабынан 280-берене (Бейбаштык) менен  сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Scroll to Top