Ош шаарында 300 орундуу заманбап бала бакча ачылдыМСК салык системасындагы беш жылдагы топ-5 өзгөрүүлөр жөнүндө айтып бердиӨзүн адвокаттын жардамчысы катары тааныштырып, алдамчылык кылган шектүү кармалдыMBANK’тан «Маниполия» боюнча жашыруун гайд: «Мани» упайларын оңой топтоп, «Байгелер дүкөнүндө» сарптоонун 3 ыкмасыКыргызстанда «ЭлКат» эл аралык интернет-трафиктин жалгыз оператору болдуГЭСтер курулууда, 95 ишкана ачылды: Нарында 9 айда жасалган иштердин жыйынтыгы чыгарылды
Кыргызстанда кимдердин айлык акысы көп?
22.12.2021 | 09:48
Кыргызстанда сентябрь айынын аягында экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча жумушчулардын орточо эмгек акысы 20 миң 27 сомду түзүп, 2020-жылдын ушул айына салыштырмалуу 11,83%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Орточо эмгек акынын өсүшү терс тенденция байкалган мейманканалардын жана ресторандардын ишин кошпогондо, бардык секторлордо байкалган.
Маалым болгондой, транспорттук ишмердикте жана жүктөрдү сактоодо, финансылык ортомчулукта жана камсыздандырууда, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алууда кызматкерлердин эмгегине акы төлөөдө эң чоң өзгөрүүлөр болду.
Ошол эле учурда эң жогорку кирешелер каржылык ортомчулук жана тоо-кен казып алуу чөйрөсүндөгү кызматкерлерге таандык.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика