Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Айпери Медет кызы алтын үчүн күрөшөт. Ал финалдагы атаандашын мурда кантип уткан (видео)
20.09.2023 | 14:34
Бүгүн, 20-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) алтын үчүн күрөшөт. Бул беттеште Айпери Медет кызы япониялык Юка Кагами менен күч сынашат.
Буга чейин Айпери Медет кызы менен Юка Кагами бир ирет беттешкен. Ал беттеш 2022-жылы Монголиядагы Азия чемпионатынын финалында болуп, Айпери Медет кызы атаандашын жеңип, Азия чемпиону болгон.
Эскерте кетсек, финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до башталат. Беттешти УТРК Спорт каналынан түз эфирде көрүүгө болот.
Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, Кыргызстан үчүн Париждеги Олимпиада оюндарына биринчи лицензияны алганын белгилей кетүү керек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз