Видео: Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, көзүнө жаш алды

Видео: Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, көзүнө жаш алды

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы (76 кг) Сербиядагы дүйнө биринчилигинин финалына чыкты.

Айпери Медет кызы килем үстүнө бүгүн, 19-сентябрда чыгып, таймашты квалификациялык айлампадан баштады. Биринчи беттешинде румыниялык Каталина Аксентени 11:0 эсебинде утту.

1/8 финалда ал бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Анастасия Зимянкова менен күч сынашып, аны 44-секундда 10:0 эсебинде жеңип алды.

Чейрек финалда Айпери Медет кызы канадалык балбан кыз Жастина Ди Стасиону 11:0 эсебинде утуп, дүйнө биринчиликтин жарым финалына чыкты.

Жарым финалда ал колумбиялык Татьяна Рентерия менен күрөшүп, атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Эми финалдык беттеш эртең, 20-сентябрда болуп өтөт.

Сербиядагы дүйнө чемпионаты 16-сентябрда башталган, ал 24-сентябрда жыйынтыкталат.

Учурда бул дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын куржунунда 1 коло байге бар. Аны эркин күрөштөн 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу утту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>