Адылбек Касымалиев Германиянын ТИМинин мамлекеттик министри Гюнтер Крихбаум менен жолугуштуАк-Буурадан 3 миң тоннадан ашык калдык жана кум-шагыл чыгарылды. Президент дарыяны тазалоо ишин текшердиТүштүктөгү мектептердин жетишсиздиги: КР президенти көйгөй кантип чечилип жатканын айтып бердиЭми «Манас» аэропортунда жүргүнчүнү жеке коштоп жүрүү кызматы көрсөтүлө баштайтБишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун үч мүчөсү кармалдыАӨБ Кыргызстанга экономиканы жеке сектордун эсебинен өнүктүрүүнү сунуштайт
Айрым кылмыштарга мунапыс берилбейт. Мыйзам долбоор колдоо тапты
13.03.2025 | 12:24
Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айрым кылмыштарга мунапыс берүүнү жокко чыгаруу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр 3-окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин депутаттары Эрнис Айдаралиев, Марлен Маматалиев, Динара Ашимова, Айбек Маткеримов демилгелеген.
Мыйзам долбоорго ылайык, төмөнкү кылмыштар жасалган учурда мунапыс жөнүндөгү мыйзам колдонулбайт:
- террористтик ишти каржылоо;
- террористтик ишти жүзөгө ашырууга эл алдында чакыруу;
- уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо;
- курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү;
- диверсия.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом