Айсулуу Тыныбекованын Олимпиададагы атаандаштары кимдер болду? (тизме)

Айсулуу Тыныбекованын Олимпиададагы атаандаштары кимдер болду? (тизме)

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын (62 кг) Олимпиада оюндарындагы бардык атаандаштарынын аттары белгилүү болду.

Түркияда өткөн Дүйнөлүк лицензиялык мелдеште кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта Париждеги Олимпиадага соңку үч жолдомону румыниялык Криста Инче, түркиялык Несрин Баш жана бейтарап спортчу Вераника Иванова алды. Муну менен 62 кг салмакта Олимп оюндарына бара турган бардык 16 спортчунун аты белгилүү болду.

Олимпиада оюндары жолдомо уткан балбан кыздар (62 кг): 

1. Кыргызстан — Айсулуу Тыныбекова, 31 жашта (Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси (2021-жыл), дүйнөнүн үч жолку чемпиону (2019, 2021, 2023-жыл), бир ирет коло уткан (2017-жыл), Азиянын 6 жолку чемпиону (2016, 2017, 2019, 2021, 2023, 2024-жыл), үч ирет күмүш (2014, 2015, 2022-жыл), эки жолу коло байге (2013, 2020-жыл) тагынган, Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2018-жыл), эки жолу коло уткан (2014, 2023-жыл)

2. Япония — Сакура Мотоки, 22 жашта (дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байге ээси (2023, 2022-жыл) жана Азия биринчилигинин күмүш байге ээси (2024-жыл)

3. Норвегия — Грейс Буллен, 27 жашта (дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байге ээси (2022, 2023-жыл), Европанын үч жолку чемпиону (2017, 2020, 2024-жыл), эки ирет күмүш тагынган (2016, 2023-жыл), Европа оюндарынын коло байге ээси (2015-жыл)

4. Украина — Ирина Коляденко, 25 жашта (Олимпиада оюндарынын коло байге ээси (2021-жыл), (дүйнө чемпионатында күмүш жана коло уткан (2019, 2023-жыл), Европанын үч жолку чемпиону (2021, 2023, 2024-жыл), бир ирет коло тагынган (2020-жыл)

5. Германия — Луиза Ниемеш, 28 жашта (Европа чемпионатында эки ирет күмүш (2022, 2024-жыл) жана бир жолу коло байгеге татыган (2023-жыл)

6. США — Кайла Миракл, 28 жашта (дүйнө чемпионатында эки ирет күмүш тагынган (2021, 2022-жыл), Пан-Америка оюндарынын жеңүүчүсү (2019-жыл), коло байге ээси (2023-жыл), Пан-Америка чемпионатын эки жолу жеңип (2021, 2024-жыл), бир ирет күмүш (2022-жыл), эки жолу коло тагынган (2018, 2023-жыл)

7. Канада — Ана Гонсалес, 24 жашта (Пан-Америка чемпионатында эки жолу алтын (2022, 2023), бир ирет күмүш уткан (2024-жыл)

8. Нигерия — Эстер Омолайо Колаволе, 22 жашта (Африка чемпионатында бир жолу алтын (2020-жыл), бир ирет күмүш тагынган (2023-жыл), Африка оюндарынын жеңүүчүсү (2024-жыл)

9. Тунис — Сивар Бусета, 24 жашта (Африка чемпионатында бир жолу алтын (2023-жыл), үч ирет күмүш (2018, 2019, 2022-жыл) жана бир жолу коло уткан (2020-жыл), Африка оюндарынын коло байге ээси (2019-жыл)

10. Болгария — Биляна Дудова, 26 жашта (дүйнө чемпиону (2021-жыл) жана бир ирет күмуш уткан (2018-жыл), Европанын төрт жолку чемпиону (2017, 2018, 2019, 2021-жыл), бир жолу күмүш (2020-жыл) жана бир ирет коло тагынган (2023-жыл)

11. Бейтарап спортчу — Алина Касабиева, 22 жашта (дүйнө, Европа чемпионаттарында байге ала элек)

12. Монголия — Орхон Пуревдорж, 30 жашта, (дүйнө чемпиону (2017-жыл), Азия чемпиону (2018-жыл) жана күмүш байге ээси (2023-жыл)

13. Северная Корея — Хён Гён Мун, 26 жашта (Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл)

14. Румыния — Криста Инче, 27 жашта (Европа чемпионатында 1 ирет күмүш (2019-жыл) жана 3 жолу коло уткан (2021, 2022, 2023-жыл)

15. Түркия – Несрин Баш, 21 жашта (Европанын чемпиону (2024-жыл), бир ирет коло уткан (2023-жыл)

16. Бейтарап спортчу – Вераника Иванова, 27 жашта (Европа чемпионатынын үч жолку коло байге ээси (2018, 2021, 2024-жыл)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>