Айыл чарба министри: Нарында фитосанитарык лабораториянын курулушу жүрүп жатат

Айыл чарба министри: Нарында фитосанитарык лабораториянын курулушу жүрүп жатат

Учурда Нарын облусунда фитосанитарык лабораториянын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл-чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Чодуев келечекте Жалал-Абад жана Баткен облустарына дагы үч лаборатория куруу пландалууда экенин айтты.

Ошондой эле министр азыркы учурда Кыргызстанда фитосанитардык сертификаттарды берген, аккредитациядан өткөн төрт лаборатория иштеп жаткандыгын билдирди.

«Биз продукцияны ар кандай мамлекеттерге экспорттойбуз, алардын 62си биздин сертификаттарды тастыктаган. ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин бирдиктүү сертификаттары бар, продукцияны экспорттоодо биз анын маркировкасына, таңгагына көңүл буруп, анын сапатына басым жасообуз керек»,-деп эсептейт министр.

Мекеме жетекчиси азыркы учурда коронавирустун айынан чек ара жабылган Кытай мамлекети менен соода алмашууда көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн деп белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>