Дастан Бекешев: Орунтаев менен мэр Бишкекти маскаралап бүтүштүЯндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралууЭрлист Акунбеков Пекиндеги форумда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн төрт багытын сунуштады
Бүгүн Кыргызстанда 9 мектептин, 2 бала бакчанын ачылышы болду
06.05.2024 | 13:37
Бүгүн, 6-майда Кыргызстанда 11 билим берүү мекемесинин ачылышы болду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Алардын ичинен сегизи мектеп, экөө бала бакча жана бирөө мектепке салынган кошумча корпус. Жаңы ачылган билим берүү мекемелеринин алтоо Ысык-Көлдө, экөө Ош облусунда жана калган үчөө Бишкек, Чүй жана Баткенде жайгашкан.
Белгилей кетсек, Ош шаарында ачылган 720 орундуу Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиясынын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.
Мектеп менен бала бакчалардын тизмеси:
- Бишкекти Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагындагы мектептин 375 орундуу кошумча корпусу
- Чүйдүн Күн-Туу айылындагы 500 орундуу мектеп
- Баткендин Сары-Дөбө айылындагы 150 орундуу мектеп
- Ысык-Көлдүн Шапак айылындагы 150 орундуу мектеп
- Ысык-Көлдүн Семеновка айылындагы 225 орундуу мектеп
- Ысык-Көлдүн Түп айылындагы 450 орундуу мектеп
- Ысык-Көлдүн Ичке-Суу айылындагы 150 орундуу мектеп
- Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы 120 орундуу №7 бала бакча
- Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы 120 орундуу №12 бала бакча
- Ош облусунун Арпа-Тектир айылындагы 225 орундуу мектеп
- Ош шаарындагы 720 орундуу Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиясы
Рубрики: Жаңылыктар, Коом