Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз НасыровКыргызстан Кытайдын улуттук ири мунай корпорациялары менен кызматташууну тереңдетүүдөБазар-Коргон — Кызыл-Үңкүр жолу үч жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй келетКыргызстанда күздүк дан өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү сатыкка чыктыБишкектеги орус театрында Вячеслав Виттихтин «Өлүк жандар» спектакли көрсөтүлөт
Сүлүктү, Лейлекте сел үйлөрдүн короосун, көчөлөрдү каптады
06.05.2024 | 11:03
5-май күнү Лейлек району менен Сүлүктү шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Райондун Сумбула, Ак-Суу, Катраң айыл аймактарында, Сүлүктү, Раззаков шаарында жана Ош — Раззаков унаа жолун суу каптап, үйдүн короолоруна кирген.
Сүлүктүдө 1 дүкөнгө, 7 үйдүн короосуна, 6 жертөлөгө сел суулары кирип, 5 убактылуу жасалган көпүрөнү агызган. Бир балдар бакчасынын тосмосунун 30 метрдей бөлүгү бузулган.
Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар