Насип: Украинадагы кырдаал кыргыз ырчыларынын кирешесине таасир берди

Насип: Украинадагы кырдаал кыргыз ырчыларынын кирешесине таасир берди

Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаалдан кийин кыргыз ырчыларынын дагы YouTube тармагынан түшкөн кирешеси кескин азайды. Бул тууралуу ал «Нактаподкаст» берүүсүндө билдирди.

Ал Google менен YouTube Орусияда акчалаштыруу жана жарнамалар үчүн төлөөнү токтотушу кыргыз шоу-бизнесе дагы таасир бергенин белгиледи.

«Орусияда бизде 1 миллиондой мигрантыбыз бар. Алар биздин интернет баракчаларды көрүп турчу. YouTube каналынан бир кварталда 10 миң долларга жакын акча түшчү. Азыр андай эмес. Эми Түркия, Европа жана АКШдагы көрүүлөрдөн гана түшөт», — дейт Нурлан Насип.

Анын айтымында, азыркы ырчылар негизги кирешесин тойдон табышат.

«Той бизде азыр жыл бою болуп калды. Бала төрөлгөндөн тарта үйлөнүп, андан ары дагы той. Рамазан айында гана эс алабыз. Мен карапайым адамдардын тоюна барганды жакшы көрөм. Алар бийлеп, беттен өпкүлөп, жылуу кабыл алып, калпак кийгизип узатышат. Ал эми байлардын тоюна келген коноктор коробкада олтургандай, эмоциясын билдирбей, жакшы тосттор менен чектелишет», — дейт ал.

Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстанда гана ырчылар той менен чектелип калганын белгиледи.

«Ушундай көрүнүш калыптанып калгандыктан тойдо ырдоого туура келип жатат. Биз деле концерт койгубуз келет. Бишкекте мурда аншлаг менен өткөн концертеримден дагы пайда көргөн эмесмин. Өзүнүн чыгымын гана жапчу. Азыр жакшы баасы көтөрүлүп калды. Концерт коюп, гастролго чыксаң, Кыргызстандын  7 облусун бат эле кыдырып бүтөсүң, айылдарда шарт жок болгондуктан бара албайсың», — дейт ал.

Нурлан Насип ар бир чыгармчыл киши чоң сахнага чыгып, дүйнөлүк деңгээлде концерт өткөрүүнү самарын белгилейт.

«Ар бир ырды жазып жатканда эле чоң аудиторияны самайсың. Азыркы жаштар КМШ деңгээлине көтөрүлдү. Мен деле кээде багытты өзгөртсөмбү деп ойлойм. Мисалы, Димаш Кудайбергенов тойго барбайт. Ал биздин концерттерге келип жүргөн. Бир ырымды тартуулаганымда абдан ыраазы болуп, достошуп калганбыз. Азыр эми дүйнөлүк жылдызга айланды», — дейт ырчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>