Ташиевдин эскертүүсүнөн кийин ИИМ менен УКМК Бишкектеги түнкү клубду жапты

Ташиевдин эскертүүсүнөн кийин ИИМ менен УКМК Бишкектеги түнкү клубду жапты

Бишкекте ИИМ жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан түнкү клуб жабылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардагы түнкү клубдардын биринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, эс алып жаткандардан түстүү таблеткалар, жыты жок суюктук бар флакон табылып алынган. Түнкү клубга келгендер жогорку окуу жайларда мугалим жана ыктыярчы болуп иштеген чет өлкөнүн жарандары болуп чыккан.

«Баңгизат колдонгон деп шектелген түнкү клубдун коноктору жана кызматкерлери Республикалык наркология жана психиатрия борборуна медициналык текшерүүгө жеткирилди. Алар синтетикалык баңгизат колдонгондугун ачык айтышты», — деп айтылат маалыматта.

Тергөө жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн милицияга клубдун администраторлору, кызматкерлери жана коноктору жеткирилген.

Ал эми табылып алынган заттар экспертизага жөнөтүлгөн.

ИИМден белгилешкендей, учурда түнкү клубдун эшиктерине мөөр басылып жабылды, ыкчам-тергөө ипштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен түнкү клубдун ээсине процессуалдык чечимдер кабыл алынат.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев түнкү клубдарда маңзат сатылып жатканын, анын ээлери баңгизаттын түнкү клубдарда таралуусуна, сатылуусуна жол бербеши керектигин айтып, болбосо аталган эс алуу жайды иштеткендер менен кожоюндары жоопко тартыларын эскерткен.

Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>