Айылына келген адамдын автоунаасын тартып алган өспүрүмдөр кармалды

Айылына келген адамдын автоунаасын тартып алган өспүрүмдөр кармалды

Айылына келген чоочун адамды сабап автоунаасын тартып алган өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон. Анда аталган райондун Халмион айылынын 26 жаштагы Д.Д. аттуу тургуну “Деу-Нексия” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Достук айылы аркылуу өтүп бара жатканда 4-5 өспүрүм токтоткон. Алар айдоочуну күч менен түшүрүшүп ур-токмокко алышкан. Кийин анын телефонун, акчасын, автоунаасын тартып алышып, өзүн ээн талаага алып барып таштап кетишкен.

Жабырлануучу милицияга кайрылып, Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноочулук) менен иш козголгон.

Көп өтпөй айдоочуну сабаган өспүрүмдөрдүн өздүгү такталып кармалган. Алар 19 жаштагы С.Г., 21 жаштагы К.К., 18 жаштагы Ж.К., 18 жаштагы Б.М., 20 жаштагы К.К. жана 19 жаштагы Н.Ш. аттуу аталган айылдын тургундары экени белгилүү болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>