Бишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстүБШК №16 округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Кимдер депутат болду
Ак илбирс расмий түрдө Кыргызстандын мамлекеттик символу катары таанылды
09.09.2025 | 13:19

Кыргыз Республикасынын президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 369 Жарлыгы менен ак илбирс өлкөнүн мамлекеттик символу катары расмий түрдө таанылды.
Бул максатта Министрлер кабинети «Ак илбирстин статусун Кыргызстандын улуттук символу деп таануу жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Ак илбирс — Кыргызстандын бийик тоолуу райондорунда жашаган сейрек кездешүүчү жана аялуу жандык. Ал өлкөнүн табигый мурасынын гана эмес, маданиятта, фольклордо жана мамлекеттик символикада да кеңири чагылдырылган. Улуттук иденттүүлүктүн, күчтүн жана эркиндиктин символу катары таанылат.
Токтомдун кабыл алынышы төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- Президенттин жарлыгын ишке ашыруу;
- Ак илбирсти жана анын жашаган чөйрөсүн коргоо чараларын күчөтүү;
- Калктын жаратылышты коргоо тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу;
- Ак илбирстин образын маданий дипломатияда колдонуп, Кыргызстандын эл аралык аренадагы имиджин жакшыртуу.