Акаев: Кыргызстанга келүүм Путин, Жапаровдун деңгээлинде макулдашылган (МАЕК)

Акаев: Кыргызстанга келүүм Путин, Жапаровдун деңгээлинде макулдашылган (МАЕК)

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Орусиянын “Московский Комсомолец”  басылмасына маек берди. Reporter.kg аны кыргыз тилине которуп, маекти толугу менен сунуштайт.

2021-жылы мекениме эки жолу бардым. Жайында бир жума, декабрда бир жума учуп келдим. Ал жакта күн сайын эртеден кечке чейин укук коргоо органдары менен абдан тыгыз иштештим. Азыр Кыргызстанда мага карата эч кандай дооматтар жок, бардык иштер жабылды деп айта алам. Эми мен Кыргызстандын башка жараны сыяктуу эле каалаган убакта келе алам.

Албетте, буга азыркы президент Садыр Жапаровдун салымы чоң. Ал өзү мага телефон чалып, 16 жылдан бери Кыргызстанда мага карата көптөгөн ар кандай иштер чогулуп жатканын, алардын көбү эски иш экенин, бирок, аларды жабуу үчүн менин түшүндүрмөлөрүм, жоопторум керектигин айтты. Бишкекке кел деген чакырыгын ыраазычылык менен кабыл алдым.

Андан сырткары УКМКнын башчысы, генерал Камчыбек Ташиевге ыраазымын. Ал жана анын командасы мага абдан жылуу мамиле кылышты. Алар мыйзамга ылайык иш кылышса да, абдан сылык мамиледе болушту.

-Ал эми жайында Кыргызстанга барганда “алданып каламбы же кандайдыр бир провокация жасайбы”- деп кооптондуңуз беле?

Эч кандай шек болгон жок. Анткени, Кыргызстанга баруу боюнча маселе Орусия менен Кыргызстандын президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун деңгээлинде макулдашылган. Мен Владимир Владимировичке  Орусияда мага ушунчалык меймандос мамиле кылганы үчүн чексиз ыраазымын. Бул жерде иштегениме 16 жыл болду, менин үй-бүлөм үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда окуялардын эле эң ызы-чуусу  Кумтөр алтын кени боюнча  маселе болуп жатат. Сиз ал боюнча көрсөтмө бердиңиз…

— Ооба, албетте, атап айтканда, күбө катары да, айыпталуучу катары да Кумтөрдү аралап жүрдүм… Бишкекте мага берилген суроолордун көбү ушул конкреттүү ишке байланыштуу. Анткени, мен бул ишкана тууралуу эң көп билем, инвесторду 1990-жылдардын башында тапкан да мен элем. Алар алгач жакшы иштешти. 1990-жылдары бийик тоолордун жана мөңгүлөрдүн шартында рекорддук мөөнөттө, үч жылдын ичинде Борбордук Азияда эң ири алтын казуучу ишкана курулган. Биринчи алтын 1997-жылы казылган. Бирок, 2000-жылдардын башында алар кыянаттык менен пайдаланып, экологияга чоң зыян келтирип, айрым чиновниктерибиз жемкорлук жолун тандашты…

Бул ишке зыян келтирбеш үчүн  башкасын айта албайм. Бирок, мен өзүмө тиешелүү суроолордун тышкары да эл аралык соттордо жардам бере турган бардык керектүү маалыматтарды тергөөчүлөргө берүүгө аракет кылдым.

— Кыргызстандын сотто жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү канчалык, кандай деп ойлойсуз?

Мүмкүнчүлүгү жогору, анткени экологияга зыяны абдан чоң болгон. Жалпысынан айтсам: эки мөңгү бар – Давыдов жана Лысы мөңгүлөрү. Ал мөңгүлөр  Орто Азиядагы эң ири дарыя Сырдарыя менен Нарынга эрип куюлат . Бул мөңгүлөргө атаййын каражаттар төгүлүп, алардын эрүүсүн тездеткен, булганышын күчөткөн… Ошол эле учурда кеп таза суунун булактары жөнүндө болуп жатат, алар жакынкы келечекте алтындан да кымбаттайт. Сотто Кыргызстан утуп, Кумтөр элдин кызыкчылыгына жумшалат деп ишенем.

Сизден бөлөк Кыргызстандын экс-президенттеринен көрсөтмө алышабы?

— Азыр Кумтөр маселеси боюнча мурдагы эки премьер-министрдин үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Бийлик бул ишке чекит коюуну көздөп жатат.

— Эмне үчүн мурда сизге коюлган айыптарды алып салгылары келген жок?

Бүгүн дүйнөлүк коомчулук 2005-жылы Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш болгонун моюнга алды. Ал окуяларды Бакиев, Атамбаев, Отунбаева жетектеген. Алар кезек-кезеги менен президент болуп, ар дайым менин үстүмөн кандайдыр бир ишти ачууга аракет кылышты, бирок Башкы прокуратура айыптоонун көбү негизсиз экенине ынанды. Атамбаевден кийин анын жанындагы Жээнбеков бийликке келди, ал дагы менин суроомду объективдүү кароого кызыкдар болгон жок.

Жалгыз Жапаров мага калыс мамиле жасады. Ал мага чынчылдык менен кылмыш иштерин жокко чыгара албасын, аларды жабуу үчүн менин катышуум керектигин айтты. Мен буга макул болдум.

— Жапаровдун чакырыгы менен биринчи сапарыңызга чейин канча убакыт өттү?

— Жапаров чалды, эки күндөн кийин Бишкекке келдим. Бул убакытты Орусиянын жетекчилигине сапарым тууралуу маалымат берүүгө жумшадым. Анткени, 16 жылдан бери бул өлкөнүн меймандостугун көрүп келем. Ошол эле учурда мен өзүмдүн коопсуздугумду ойлодум.

Натыйжада мен Кыргызстанга бир жумага келдим. Андан кийин өлкөдө парламенттик шайлоо болуп, мамлекет жетекчилигинин мага убактысы жок эле. Шайлоо бүтөөрү менен кайра телефон чалып, баштаган ишимди бүтүрүп келсеңиз жакшы болот дешти. Мына ошол сүйлөшкөндөй болду…

– Жапаровдун  чакыруусу  сизге канчалык деңгээлде күтүүсүз болду?

— Чынын айтсам, абдан күтүүсүз болду. Ал президент болуп шайлангандан кийин алты ай өткөндөн кийин бардык жараян башталды, менин ишим мынчалык тез колго алынат деп ойлогон да эмесмин.

Жапаровдун сунушун укканда биринчи эмнени ойлогонуңуз эсиңиздеби?

— Мага өзүмдүн Мекениме дароо кайтып бараарымды түшүндүм. Мурунку президенттердин тушунда Кыргызстандын башка укук коргоо органдарынан бешинчи, онунчу прокурорлор мага кайрылышкан. Анын үстүнө алар мени издөөдө жүргөндөрдүн тизмеси, узак мөөнөткө эркинен ажыратуу ж.б.у.с. деп коркутушкан. Мен алардын бардык сөздөрүнө көңүл бурбай, мени коркутпагыла деп айттым. Анткени, мени улуу Орусия коргойт. Бирок кийин мени президент өзү чакырды,  демек, анын сөзү желдей учпайт дедим.

— Кыргызстанга көчүп кетейин деп жатасызбы же Орусияда эле болоюн деп жатасызбы?  

— Орусияда жүрөм го, анткени бул жерде кызыктуу жумушум бар. Москва мамлекеттик университетинин механика-математика факультетинде иштейм, ал жерде көрүнүктүү окумуштуулардын катарындамын. Илимий иштердин алдыңкылардын катарында болушу абдан маанилүү. Чыгармачылык күч-кубатым сакталып турганда Москва мамлекеттик университетинде ишимди уланткым келет.

Анын үстүнө өткөндө мага эң мыкты окумуштууларга ыйгарылуучу биринчи даражадагы Ломоносов атындагы сыйлык тапшырылды.  Бул эң жогорку сыйлык. Жыл сайын биринчи даражадагы бир сыйлык жана экинчи даражадагы эки сыйлык берилет.

Мен 16 жылдан бери иштеп келе жаткан коллективге абдан ыраазымын. Кыйын жылдары мени колдоп, илим менен алектенүүгө күч-кубат беришкен. Айрыкча, ректорубуз Виктор Садовничийге, азыркы замандын көрүнүктүү математиктерине ыраазымын. Мен анын жетекчилиги астында, анын эң сонун илимий мектебинде иштегениме бактылуумун.

Кантсе да Борбор Азиядан Ломоносов атындагы сыйлыкка татыктуу болгон биринчи өкүл болдуңуз, бул статус сизге кандай жагат?

— Бул мен үчүн эң чоң сыймык жана сыйлык. Экинчи илимий жашоомдо мен укмуштуудай бийиктиктерге көтөрүлө алдым. Мен бактылуумун жана ишимди уланткым келет. Ал эми өз Мекениме маал-маалы менен барып турам.

Көптөн бери Кыргызстанга бара албай жүрдүңүз. Кыргызстандан жаңыдан келдиңиз, ал жактан  туугандарыңызга  зыярат кылууга(куран окутууга), мүрзөлөрүнө барууга мүмкүнчүлүк болдубу?

— Албетте, күндө кечинде көрүшчүбүз. Туугандарым, досторум, кесиптештерим, санаалаштарым, анын ичинде 94 жаштагы хирург Мамбет Мамакеев менен жолуктум. Ал дагы деле операция жасап жатат. Ата-энемдин, бир туугандарымдын мүрзөсүнө барып куран окудум…

– Сиз жокто Кыргызстан көп өзгөрүптүрбү?

— Абдан өзгөрүптүр. Көпчүлүк учурларда өзгөрүүлөр жакшы жагына болуптур. Өсүп-өнүгүүлөр акырындык менен болуп жатат…

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>